Жаңылыктар
УТРК кадрларды даярдоого көмөктөш
УТРК жаңылыктары
УТРК кадрларды даярдоого көмөктөш

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жогорку окуу жайлары менен кызматташып, журналист кадрларды даярдоого көмөктөшүп келе жатат.

Бүгүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынан башкы директору Б.Тиллебаев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Т.Абдырахманов менен жолугушту. Анда кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, өз ара пайдалуу келишимге кол коюлду.

Б.Тиллебаевдин айтымында, эки тараптуу кызматташтык журналистика факультетинин ишмердүүлүгүнө, окутуу процессине жакшы өбөлгө болот. Телерадио мыкты кадрларга дайым муктаж, ошондуктан аларды даярдоого кызыкдар.

“УТРКда студенттердин практика өтөөсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошол эле учурда университетте окугандар тарабынан жогорку сапаттагы контент жасала турган болсо, эфирден чыгарууга даярбыз” деди башкы директор.

КУУ өзгөчө макам алганын белгилеген ректор Т.Абдырахманов, университетке чоң мүмкүнчүлүк ачылып жатканын, журналист кадрларды даярдоого басым жасалып, факультет Журналистика жана коммуникация институту болгонун билдирди.

“Биз илимди өндүрүш менен айкалыштырууну учурдун негизги талабы катары карайбыз. Практикалык багытта УТРК чоң мектеп. Факультетибиздин институт болуп түзүлгөнү журналист кадрларды жакшыртуунун аракети” деди ректор.

Декан Ширин Костюк УТРК алдында кафедра, же чыгармачылык лаборатория түзүү ниети бар экенин айтып, студенттер тарабынан даярдалган программаларга эфир убактысын берүү сунушун билдирди.