Жаңылыктар
Кадрларды даярдоодо УТРК чоң мектеп
УТРК жаңылыктары
Кадрларды даярдоодо УТРК чоң мектеп

Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору И.Арабаев атындагы КМУнун ректору менен жолугушту. Анда кадрларды даярдоо алкагында сөз жүрүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду.

Башкы директор Б.Тиллебаев корпорация кадрларга дайым муктаж экендигин, телерадио бир гана чыгармачыл эмес, техникалык адистердин даярдалышына кызыкдарлыгын айтты.

“Биз учурда жаштар программаларын көбөйтүү багытында иштеп жатабыз. Жаштардын бүгүнкүсүн ачып бере турган программалар жокко эсе. Окуу жайлар жаштардын борбору. Улуттук университетте 26 миң студент билим алса, сиздерде 15 миң жаш кадрлар даярдалат экен. Жалпы республика боюнча жаштар негизги күч. Демек, алар үчүн телерадио программалар арбын даярдалышы керек” деди Б.Тиллебаев.

Ректор А.Абдраева журналистиканын коомдогу ордун баса белгилеп, аны эске алуу менен университетте Медиа борбор түзүлуп жатканын айтты. Ага канаатташ эле, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин журналистика кафедрасын УТРКнын базасында ачуу ниетин билдирип, бул сунуштун колдоо табаарынан үмүтү чоң экенин айтты.

“Бүгүнкү күнү социалдык тармактар популярдуу. Ошого карабастан телерадио маалыматтарды берүүнүн негизги булагы болуп кала берет. Маалыматтын, дегеле журналистиканын ордун эске алуу менен биз бул багыттагы кадрларды даярдоону жакшыртуу үстүндө иштеп жатабыз. Мыкты кадрларды даярдап берүүнү дайым негизги багыт катары карап келгенбиз” деди А.Абдраева.

Сүйлөшүүлөр жана пикир алышуулар эки тараптуу кызматташтьык келишимине кол коюу менен жыйынтыкталды.