Жаңылыктар
УТРК продакшн студиялар менен тыгыз кызматташат
УТРК жаңылыктары
УТРК продакшн студиялар менен тыгыз кызматташат

Бүгүн УТРКнын башкы директору Б.Тиллебаев продакшн студиянын өкүлдөрүн жана ар башка жанрларда көрсөтүүлөрдү сунуштай турган тараптар менен жолугушту.

Башкы директордун айтымында, УТРК кызыктуу контент сунуштай турган тараптар менен кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүп жатат.

“Сиздерде түрдүү жанрлардагы көрсөтүүлөрдү, даректүү тасмаларды, анимациялык фильмдерди, сериалдарды тартууга техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Улуттук телеканалдын талаптарына жооп берген ар бир чыгарма, тасма, көрсөтүү сөзсүз эфирден өз ордун табат” деди Б.Тиллебаев.

Жолугушууга Санжар Мыкыев, Урмат Карачев, Алмаз Мокоев, Дана Абдыбекова өңдүү белгилүү инсандар жетектеген продакшн студиялар катышты. Алар улуттук нарктуулукка, салт-санаа, кийим-кечеден тарта, спорттук, балдар, жаштар багытындагы көрсөтүүдөрдү сунуш кылышты.

УТРК ушул жыл ичи продакшн студиялар менен бирдикте кызыктуу контент тартуу кыла баштайт.