Жаңылыктар
УТРК менен Сот департаменти ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлду
УТРК жаңылыктары
УТРК менен Сот департаменти ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Бүгүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Ага ылайык, тараптар жарандарга Сот департаментинин, сот аткаруучулар менен сот приставдардын ишмердүүлүгү тууралуу, тутумуна болгон элдин ишенимин арттыруу багытында иш алып барышат.

Башкы директор Болотбек Тиллебаевдин айтымында, эл өз укуктарын билбейт, аны коргоодо да алсыз. Андыктан калктын укуктук маданиятын жогорулатуу керек жана бул учурдун мааанилүү маселеси. “Биргелешип иштөө менен калктын укуктук маселелерин эфир аркылуу чагылдырып, сабатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк жаралат” дейт Б.Тиллебаев.

Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, эл Сот департаментинин, сот аткаруучулар менен сот приставдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан иштер боюнча маалыматтарды алып турууга муктаж дейт. Анан калса, жарандардын укуктары менен бирге алардын милдеттерин түшүндүрүү зарылчылыгы бар деген пикирде.

Тараптар телеберүүлөргө сот кызматтарынын өкүлдөрүн чакырып, көрсөтүүлөрдү жана социалдык роликтерди биргелешип даярдап, аларды коомчулукка жайылтуу багыттарын күчтөндүрө турган болду.