Жаңылыктар
Улуттук биринчи каналдын “Айтыш төр” теледолбоору жыйынтыкталды.
УТРК жаңылыктары
Улуттук биринчи каналдын “Айтыш төр” теледолбоору жыйынтыкталды.

УТРКнын бул ири долбоорун уюштурууга Кыргыз улуттук “Манас” театры көмөкчү болуп, жыйынтыктоочу чыгарылышына Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Теледолбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашты.

УТРКнын концерттик студиясында өткөн салтанатка ошондой эле Башкы прокурор К. Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты М. Самыйкожо, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. Максүтов, УТРКнын Башкы директору Б. Тиллебаев катышты.

Улуттук биринчи канал уюштурган төкмө акындардын республикалык долбоорунун сыйлуу коноктору Эл артисттери Ж. Алыбаев, З.Үсөнбаев, С.Токтакунова, К.Сартпаева болду.

Баш байге 1 млн сом Акматбек Султан уулуна;

1-орун 500 000 сом Кубат Тукешовго;

2-орун 350 000 сом Арген Бийрмыза уулуна;

3-орун 250 000 сом Чынгызхан Кожошовго буйруду.

2-айлампага чейин жеткен сегиз акынга 100 миң сомдон байге берилди.