Жаңылыктар
УТРКнын башкы директору Корея элчиси менен жолугушту
УТРК жаңылыктары
УТРКнын башкы директору Корея элчиси менен жолугушту

Бүгүн, Корея элчилигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонжаенин кызматтык жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар УТРК менен Корея элчилигинин мындан аркы кызматташтыгы жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. УТРК менен кореялык ири теле жана медиа компаниялардын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүк маселелери көтөрүлдү.

Өз сөзүндө Болотбек Тиллебаев Корея элчилиги менен жемиштүү кызматташуунун жакшы натыйжаларын, ошондой эле Кыргызстанда корей маданиятынын жана кореялык медиа продукциянын популярдуулугун белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө корей өндүрүшүндөгү видео контенттерди УТРКнын телеканалдарынан көрсөтүүгө лицензия берүү боюнча келишимге кол коюлду.