Жаңылыктар
Баткен ТВ УТРК курамында иштей баштады
УТРК жаңылыктары
Баткен ТВ УТРК курамында иштей баштады

Бул күндөрү Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директору Болотбек Тиллебаев УТРКнын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы телекомпанияларын кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып жүрөт.

Алгачкы сапарын Б.Тиллебаев чек арага чектеш Баткен облусунан баштады. Аймактын жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен жолугушуп, Кыргызстандын, өзгөчө Баткен облусунун маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууда УТРК тарабынан жасалып жаткан иштер туурасында айтып берди.

Облус башчысы УТРКнын аракеттерин кубаттоо менен, жүргүзүлүп жаткан реформаларга оң баасын берди. Ошол эле кезде аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырууда, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосунда УТРК көпүрө катары мааниси жогору экендигин белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле, “Баткен УТРК” телерадиосунун материалдык техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлердин кесиптик деңээлин жогорулатуу тууралуу сөз болду.

УТРКнын директору Болотбек Тиллебаев Баткен облустук телерадиокомпаниясында болуп, кызматкерлер менен жолугуп, аймактын көйгөйлүү маселелерине көбүрөөк көңүл бурууну, жетишкендиктер менен кошо кемчиликтерге көңүл буруп, элдин үнүнө көбүрөк көңүл бурууга чакырды.

УТРКнын жетекчилиги тарабынын Баткен облустук телерадиокомпаниясынын материалдык -техникалык базасын чындоо максатында УТРК тарабынан 1 автомашина, 1 видео камера жана монтаждоочу ноутбук берилди.