Жаңылыктар
Москвадагы өрттүн кесепетинен 8 мекендешибиз каза болду
Кырсык
Москвадагы өрттүн кесепетинен 8 мекендешибиз каза болду

30-январдын түнү Орусиянын борбору Москванын Стромынка көчөсүндөгү имараттардын биринде жайгашкан тигүү цехинде өрт чыккан. Кырсык болгон 500 квадрат метр аянты бар цехти кыргызстандык жеке ишкер ижарага алып, жаздык жана төшөк тигүү менен алектенгени аныкталды. 

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн берген маалыматына караганда, өрттөн 12 жаран мерт болгон.Каза болгондордун сегизи Кыргызстандын Баткен облусунан, экөө Орусия жарандыгын алган этникалык кыргыз жана эки адам өзбекстандын жараны болгон. 

Мындан тышкары, Орусия жарандыгын алган бир кыргыз жана өзбекстандык бир жаран качып чыгууга үлгүргөн. Окуя болгон жерге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен өкүлдөр барып, каза болгондордун өздүгүн тактоо менен иликтөө иштеринин жүрүшүнө катышып жатат.