Жаңылыктар
Азия кубогу-2027 Сауд Арабиясында болот
Спорт
Азия кубогу-2027 Сауд Арабиясында болот

Сауд Арабиясы 2027-жылы Азия Кубогун өткөрөт.

Бул тууралуу 1-февралда АФКнын Манамадагы (Бахрейн) конгрессинде белгилүү болду.

Азия футбол конфедерациясына (АФК) караштуу ассоциациялар Сауд Аравбия футбол федерациясын 2027-жылы өтүүчү Азия кубогун өткөрүүчү ассоциация катары бекитти.

Сауд Арабиясы биринчи жолу континенталдык турнирди өткөрөт.

Турнирди уюштурууга эки өлкө талапкерлигин койгон, бирок Индия акыркы учурда баш тарткан.

Кыргызстан курама командасы тарыхта биринчи жолу 2019-жылы Азия Кубогунун финалдык баскычына чыккан. БАЭде өткөн турнирде “ак шумкарлар” 1/8 финалга чейин барышкан.

2024-жылы Катарда өтө турган Азия кубогунда дагы Кыргызстан курамасы катышат.