Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Разаков алдоо жолу менен 1 млн доллар алган факты боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатат. Өткөн жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына жаран кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган. Жабырлануучу 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн долларын алып бербей койгондугун билдирген.
2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан алдамчылык беренеси менен иш козголгон. 24-январда Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-январда соттун чечими менен бир айга камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.