Жаңылыктар
Дүйнө чемпионатынын тандоо этабы ноябрь айында башталат
Спорт
Дүйнө чемпионатынын тандоо этабы ноябрь айында башталат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы алгачкы оюнун ноябрда өткөрөт.

2022-жылдын 1-августунда Азия футбол конфедерациясынын Аткаруу комитети 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын квалификациялык баскычынын форматын бекиткен. Биринчи жолу мундиалга Азиядан 8 команда түз жолдомо алса, дагы бир курама континенттер аралык плей-оффко катышууга укук алат.

Аалам биринчилигинин Азия чөлкөмүндөгү тандоо баскычына жалпы 47 команда катышат. Эске салсак, 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпионатынын тандоо турунда “Ак шумкарлар” 2-баскычта жүрүшүн токтоткон.