Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында балдардын сасык тумоосу күч алды. Азыркы тапта балдар дарыгерлеринин жетишсиздигинен абал күндөн күнгө курчуп жатат. Балдар ооруканасы учурда толуп, кошумча ачылган орундар да жетишсиз болууда. Мындан сырткары балдар тумоосуна каршы дары дармектердин да жетишсиздиги бар.