Сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин өлкө башчысы 3 айылды башынан жаңыдан түптөө тапшырмасын койгон. Мына ошол айылдардын бири Баткен районунун Достук айылы. Үч тарабы Тажикстан менен чектешкен бул айыл тажик тараптын кол салуусунда толугу менен күлгө айланган. Ыкчам башталган кайра калыбына келтирүү аракетинин натыйжасында мында курулуш ыргагы кызуу жүрүп, көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары бүтүп, айрымдарынын чатырлары жабыла баштады.