Улуттук адабият күнүнө карата республикалык “Алтын калем” сыйлыгын ыйгаруу аземи өттү.
12-декабрда Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келип, залкар акын Алыкул Осмонов каза болгон. Мындан улам Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь — Улуттук адабият күнү деп белгиленген. Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси менен былтыр “Алтын калем” сыйлыгы уюштурулган.
Анда поэзия, проза жана драматургия жанрларындагы чыгармалар сыналат. Ар бир жанр боюнча байге фонду 100 миң сомду түзөт. Жеңүүчүлөргө диплом, айкел жана акчалай сыйлык тапшырылды.