Жалал-Абад шаарында арзан көмүр сатуу жайы уюштурулуп, тоннасы 5 миң сомдон сатылууда. Калаа бийлиги көмүр өндүргөн жеке ишкерлер менен келишим түзүп, төмөндөтүлгөн баада алып келүүдө.
Арзан көмүр сатылчу жайлар Президенттин жана Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен уюштурулган. Буга чейин жашоочуларды арзандатылган көмүр менен камсыздоо максатында 170 тонна сатылса, ушул күндөрү дагы 50 тонна көмүр алынып келинген.
Төмөндөтүлгөн баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин бет маңдайында сатылууда.