Москвада манасчылар, акындар жана сүрөтчүлөр жазуучу, ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюшту.
Орусиянын борборунда Айтматовдун туулган күнүнө карата Бишкектен барган чыгармачыл делегациянын катышуусунда бир катар иш-чаралар өтүүдө.
Элчилик кыргыз маданиятын жана искусствосун жайылтууга салым кошкон мекендештерди белгилеп, сыйлыктарды тапшырууда.
Москвада адабий кружоктор бар, алардын мүчөлөрү өздөрүнүн чыгармачылыгы менен жердештердин балдары эне тилин унутпашына, тарыхый тамырынан ажырап калбашына жол бербей келишет.
Манасчы Рысбай Исаков баштаган кыргыз делегациясы орусиялык студенттер менен жолугуп, кыргыздардын оозеки элдик өнөрү тууралуу айтып берди.