Жаңылыктар
Кыргызстан "Mubadala Investment Company" менен кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан "Mubadala Investment Company" менен кызматташат

Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарынын «Mubadala Investment Company» компаниясы менен кызматташат. 

Келечектүү пландарды Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аталган компаниясынын башкы директорунун орун басары – башкаруучу директору Хомад Аль Шиммари менен жолугушканда талкуулады. 

Анда альтернативдик энергетиканы, туризмди, курулушту, логистиканы, телекоммуникацияларды жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө ири инвестиция тартуунун келечеги тууралуу сөз болду. 

Министрлер Кабинетинин башчысы республика эмираттык компаниялардын экономиканын бардык тармактарында орун алышына кызыкдар экендигин жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи. 

Хомад Аль Шиммари эки тараптуу мамилелерди өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады. Mubadala Investment Company – Бириккен Араб Эмираттарында жана чет өлкөлөрдө активдердин жана инвестициялардын диверсификацияланган портфелин башкарган инвестициялык компания. 

Компания негизинен жогорку технологиялар, телекоммуникациялар, энергетика, саламаттыкты сактоо, кыймылсыз мүлк, инфраструктура, билим берүү, илим тармактарында иш алып барат жана инвестициялайт жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө өкүлчүлүгү бар. Мубадала 243 млрд долларлык активге ээ жана башкы кеңсеси Абу-Дабиде жайгашкан.