“Кыргызкөмүр” ишканасы жылытуу мезгилин туруктуу өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу маалымат жыйынында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Марат Орозбаев билдирди.
Анын айтымында, Кара-Кечеге келген кардарлар бир сутка ичинде көмүр жүктөп, чыгып кетүүдө. Суткасына 7 миң тоннадан кем эмес көмүр алып кетишет. Кен 200 миң тонна көмүр жүктөөгө даяр.
Бишкек 90-95 пайызга көмүр менен камсыздалган, баасы 4 миңден 6 миң сомго чейин болууда. Баалар кызмат көрсөтүүсүнө жараша болот. Аймактарга да көмүр ташылып жатканын айтууда адис.