Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын аймактык бөлүмдөрү реестрде турган мал союучу жайларга инвентаризация жүргүздү.
Текшерүү Ветеринардык кызматтын атайын буйругуна ылайык жүргүзүлгөн. Инвентаризация башталганга чейин реестрде 93 мал союу пункт болгон, жыйынтыгы менен 25 мал касапканага акт түзүлүп, эскертме кагаздары берилип, талаптарды аткарбагандыгы үчүн убактылуу жабылды.