Жаңылыктар
Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды

Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде, Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылынын 48 жаштагы тургуну жашаган үйүнүн короосунан кызматтык иттин жардамы менен оролгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылган. 

Текшерүүдө ал "апийим" экендиги аныкталды. Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.