Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан "112 Кыргызстан" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул колдонмо калкты мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдар жана кризистик кырдаалдар жөнүндө шашылыш билдирүү, ошондой эле кесепеттерин жоюу боюнча иштерди координациялоо максатында түзүлгөн.
Аталган тиркемени туура колдонгон республиканын жарандары жана коноктору Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирүүлөрдү тез ала алышат.
Ушуга байланыштуу чара көрүү убактысы кыскарып, коркунуч, өзгөчө жана кризистик кырдаалдар келип чыккан учурда көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырат. Мобилдик колдонмо Android жана iOS түзмөктөрүндө жеткиликтүү.