Жаңылыктар
Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды

Иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү. Экономикалык форум Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында быйыл төрагалыгынын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өтүүдө. 

Форумда Евразия экономикалык кеңешинин алкагында транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар пландаштырылууда. Иш-чара бир нече жерлерде өтөт. Novotel мейманканасында «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги», «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби» панелдик талкуулары болот. 

Sheraton мейманканасында панелдик дискуссиялар «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери», «Экономиканы өнүктүрүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура», «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары» боюнча өтөт. 

«Орион» мейманканасында «Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси - Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы жана экономикалык коопсуздукту камсыздоосу катары». Ал эми «Фрунзе» ресторанында «Стратегия – 2025: ЕАЭБди өнүктүрүү боюнча жаштардын көз карашы» тематикалык сессиясы болот. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөт. Форум Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусунда видеоконференция режиминде пленардык жыйынды, ошондой эле 21 тематикалык сессияны камтыйт. Экономикалык форумда 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюу пландалууда. Анын алкагында «Орион» мейманканасынын алдында Евразия экономикалык кеңешинин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү да уюштурулат.