УКМК контрабандалык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында, тамеки аткезчилигинин ири партиясын мыйзамсыз Казакстанга алып чыгуу аракетине бөгөт койду.
22-майда "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан кыргыз жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат документтери жок 89 куту тамеки табылган.
Учурда салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмү такталып, ишке катышкан адамдарды аныктоого иштери жүрүп жатат.