Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышып, кесепетинен бир аял каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 9-майда Бишкек — Ош унаа жолунун 197-чакырымында болгон. Түштүктү көздөй бараткан Honda Stepwgn айдоочусу унааны башкара албай каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Stepwgn машинасын Алай районунун 39 жаштагы тургуну, Hyundai Getz транспортун Бишкек шаарынын 41 жаштагы жашоочусу айдап бараткан.
Кырсыктын кесепетинен Hyundai унаасынын ичинде отурган 42 жаштагы аял набыт болгон. Эки жаш бала Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган. Ал эми айдоочулар Токтогул районунун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.