Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Кореянын ири телекоммуникациялык таратуучусунун өкүлдөрү менен жолукту.
Корея тарап мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, электрондук өкмөт, "Коопсуз шаар" сыяктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү сунуштады. Буга чейин бул маселе министрдин Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджаи менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн. Түштүк Корея дүйнөдө санариптештирүү жаатында эң жогорку баскычта турат жана ыкчам өнүгүү жолунда.