Өлкөдө лифт чыгарган завод ишке кирди. Ата мекендик компания жылына 500 лифт жана турмуш-тиричиликте колдонулуучу жабдыктарды чыгарат. Эл аралык талаптарга жооп берип, Германия, Корея, Кытайдын алдыңкы технологиялары менен иштейт.
Ишкананын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров барып, мамлекет тарабынан ишкерлерге көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу билдирди.
Лифт жабдуулары менен түрдүү жүк көтөрүүчү каражаттарды өндүрүүчү алгачкы көп тармактуу завод 20 миң чарчы метр аянтта өндүрүш инновациялык технологиялар менен жабдылган.
Заводдо жалпы 200гө жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Келечекте иштөөчүлөрдүн санын көбөйтү, өндүрүштүн көлөмүн арттыруу пландары бар.
Ата мекендик ишкерлерди колдоого мамлекет атайын программа кабыл алып, 3 жылдык салыктан бошотуу, жеңилдетилген насыя берүү жана башка көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш алып барат.
Завод өз өндүрүшү менен өлкөдөгү бардык курулуш компанияларынын керектөөсүн жаба алат. Буга чейин керектөөчүлөр Корея, Түркия жана Кытайдан лифттерди буйрутма менен алдырышчу.