2022-жылдын январь-февраль айларында 12 миң 585 жаранга пенсия дайындалып, чектелди жана кайра эсептелинди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен, 2022-жылы февраль айында 4 миң 114 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек жылдары, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1191 ардагерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялары кайрадан эсептелинди.