Дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен сапаттуу медициналык билими бар өлкө катары Кыргызстандын кадыр-баркын сактоо жана чыңдоо зарыл.
Мындай ойлор «өлкөдөгү медициналык билим берүүнүн сапаты: көйгөйлөр жана чечүү жолдору» деп аталган иш чарада белгиленди. Айта кетсек, Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын билим сапатын текшерүү максатында түзүлгөн комиссиянын иши жыйынтыкталды. Үч айга созулган иликтөөнүн алкагында жалпы жонунан 22 медициналык окуу жайдын эл аралык стандарттарга туура келээр келбеси текшерилди.
Ошондой эле чет элдик студенттердин билим алуу сапатын жогорулатуу үчүн билим берүүнү экспорттоо чөйрөсүндө иштеген окуу жайлар үчүн милдеттүү түрдө эл аралык аккредитациянын болушун мыйзам менен бекитүү сунуш кылынууда.