Жаңылыктар
Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт

Сомдун девальвацияланып, доллардын баасы жогорулаганына байланыштуу күйүүчү май Кыргызстанда дагы кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди. 

Күйүүчү майды импорттоо келишими доллар менен түзүлөт. Андыктан доллардын бир сомго көтөрүлүшү бензиндин литрин 60 тыйынга кымбаттатат. Бүгүнкү күндө доллар дээрлик 14 сомго жогорулап, баасы 98 сомго чыкты. Бул бензиндин баасына түз таасир этет. 

Негизи эле кымбаттоолор эки жылдан бери токтобой уланууда. Буга чейин нефтинин баррели 40 доллардан ашпаса, учурда 110 доллардан жогору. Учурда Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 61,5 сомго чейин, А-95 үлгүсүндөгү бензин 65,5 сомго чейинки баада сатылууда.