Борбордун Ленин районуна караштуу Жер-Ынтымагы конушунун тургундарын жашаган жерине каттоо башталды. Ал үчүн 5 калкты мобилдүү тейлөө борбору иштеп жатат.
Белгилей кетсек, декабрь айынын башында конуштун жашоочуларына турак жайына техпаспорттор берилген. Буга чейин жашаган жеринде каттоого тура албагандыктан мамлекеттик социалдык кызматтарды ала алышкан эмес. Эскерте кетсек, 18-ноябрда жашоочулар менен Президент жолугуп, мамлекеттик тиешелүү органдарга маселени иликтеп чечим кабыл алууну тапшырган.
Учурда Каттоо кызматы менен райондордун администрация кызматкерлери бирге иш алып барып жаңы конушту мыйзамдаштыруу аракети уланууда. Жалпы Бишкек шаары боюнча турак жайларын мыйзамдаштыра турган 7 миңден ашык үй-бүлө бар.