Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, 60-94-чакырымдарындагы Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.