Жаңылыктар
Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жол курулушунун артыкчылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жол курулушунун артыкчылыктары

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн кошумча изилдөөлөр башталды. Темир жол курулуп ишке кирсе, биздин өлкө аркылуу жылына кеминде 10 млн. тоннадай жүк ташылышы мүмкүн. Адистердин алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, Кыргызстан транзит үчүн бир жылда 200 млн доллардан ашык каражат табышы мүмкүн.

Быйыл Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн кошумча изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында акыркы варианты кабыл алынат. 

Ушул тапта темир жолдун курулушун долбоорго катышкан өлкөлөрдүн адистери талкуулап жатышат. Белгилей кетсек, темир жолду салуу жолдору жана анын трассасын колдонуу варианты биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгына жараша кабыл алынат.