Жаңылыктар
Инновациялык ишмердүүлүк жана пандемия учурунда экономикалык туруктуулуук багыттары талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Инновациялык ишмердүүлүк жана пандемия учурунда экономикалык туруктуулуук багыттары талкууланды

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы жана Жогорку Кеңеш бирлегешип уюштурган семинарда инновациялык ишмердүүлүк жана пандемия учурунда экономикалык туруктуулуук багыттары талкууланды. 

Биргелешкен иш-чара ТҮРКПАнын экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын алкагында өттү. Семинарда пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү маанилүү экендигиди белгиленди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары ТҮРКПАнын экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын жыйынтыктоочу документинде чагылдырылат. 

Ал эми комиссиянын отчёттору жана сунуштамалары ТҮРКПАнын кийинки пленардык жыйынына чыгарылат. Эскерте кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы 2008-жылдын Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент төрагалары кол койгон макулдашуунун негизинде, Стамбул шаарында түзүлгөн. Бул уюмга мүчө өлкөлөр бир нече багытта кызматташат.