Жаңылыктар
Биринчи расмий иш сапар. Россиядагы мекендештерибиздин орчундуу маселелери көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи расмий иш сапар. Россиядагы мекендештерибиздин орчундуу маселелери көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген Парламенттик делегациянын Россия Федерациясына расмий иш сапарынын экинчи күнү башталды. 

Кече Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуулар өттү. Талант Мамытов эң оорчундуу маселелердин бири - бул Россияда эмгектенип жатышкан Кыргызстандын эмгек мигранттарынын маселеси экенин баса белгиледи.

Төрага Талант Мамытов жетектеген Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарынын алгачкы иш сапары Россия Федерациясынан башталды. Делегация Москвадагы Александров багында жайгашкан белгисиз жоокердин бейитине таазим этип, гүлчамбарларды коюшту.