Жаңылыктар
Өлкөдөгү айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда

Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстанда лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген медициналык окуу жайларды жабуу сунушу киргизилет. Бул тууралуу Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нуруйпа Муканова брифингде билдирди. 

Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия жерлерди трансформациялоо же чет элдик жарандар окуган медициналык окуу жайлардагы билим сапаты сыяктуу так маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн. 

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен сунуш берилет. Медициналык окуу жайлар боюнча лицензиялык да, аккредитациялык да талапка такыр жооп бербегендерин жабуу сунушталат. Айрым ЖОЖдор студенттерден жөн эле акча алып, бирок аларга жетиштүү билим бербей же окуусуна шарт түзүп бербей жатышат", - деди Муканова.