Жаңылыктар
УКМК: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты "алдамчылык" фактысы боюнча кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын алдамчылык аракеттеринен улам жаран 2 млн долларга зыян тартканы тууралуу УКМКга ишкер арыз менен кайрылган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон. Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде мурдагы депутат аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Маалымат каражаттары алдамчылыкка шектелип кармалган мурдагы депутат Алиярбек Абжалиев экенин жазышууда.