Жаңылыктар
Кыргызстанга мигранттар 2021-жылы рекорддук көрсөткүчтө акча которгон
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга мигранттар 2021-жылы рекорддук көрсөткүчтө акча которгон

Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 756 миллион 240 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Бул каражаттарды жарандар атайын система аркылуу жиберген. 2020-жылга салыштырмалуу которуулар 379 миллион долларга көбөйгөн. Бул ошол жылдын башында пандемиядан улам өнөктөш өлкөлөр чектөөлөрдү киргизгенине байланыштуу. 2021-жылдагы статистика тарыхтагы рекорддук көрсөткүч болгон. 

Экинчи орунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы акча которуулар турат. Анда 2 миллиард 479,4 миллион доллар келип түшкөн.