Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2024-жылы башталып 2026-жылга чейин созулат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин коллегиясында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, карызды доллар менен төлөөгө туура келет жана ошол учурда курс кандай болору белгисиз. “Ушуга байланыштуу экономиканын өсүү темпин тездетүү, көмүскө экономиканы жоюу, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү 50 миллиард сомго чейин көбөйтүү жана ички дүң продукцияны калктын жан башына көбөйтүү зарыл”, - деди ал.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 954,11 млн долларды түзгөн. Анын ичинен, 85,2%ы – тышкы карыз, ал 4 млрд 221,61 млн долларды түзөт, ал эми 14,8%ы – мамлекеттик ички карыз, бул 732,50 млн доллар.