11-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 700 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 143 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 537 куб метрге жетүүдө.