Жаңылыктар
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери бар

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери бар.

Былтыр 9-майда 146 ардагер бар экени айтылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронтко 365 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алардын дээрлик 115 миңи үйүнө кайтып келген эмес. 73 адам Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

Бүгүнкү күндө согуштун ардагерлери ай сайын 17 миң сом алышат, буга Президенттин стипендиясы менен кошумча төлөмдөр кирет.