Жаңылыктар
Көрүнүктүү окумуштуу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Көрүнүктүү окумуштуу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленди

Борбор калаада көрүнүктүү окумуштуу, тилчи, илимпоз, манас таануучу, педагог, котормочу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленди.

Зияш Бектенов ыр да жазып, кара сөздүн да чебери болгон. Биринчилерден болуп "Эне тили сабактары", "Грамматика жана жазуу эрежелери", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү" китебин Ташым Байжиев менен бирге жазып, кыргыз филологиясынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. 

Агартуучу чыгармачылык жолунда бир катар чет элдик жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Өмүрүнүн аягына чейин мугалимдик кесипти аркалап, бир катар шакирттерди тарбиялаган. Ошондой эле "Манас" дастанын иликтеп, улуу эпостун кара сөз вариантын даярдап бүтүргөн.

Бул басылыш азыркыга чейин көптөгөн изилдөөчүлөр үчүн баалуу маалымдама болуп саналат.