Жаңылыктар
Эл каттоого даярдыктар көрүлүп, кызматкерлер үчүн окуулар уюштурулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Эл каттоого даярдыктар көрүлүп, кызматкерлер үчүн окуулар уюштурулууда

Бишкекте үч күнгө созулган эл жана турак-жай каттоочу кызматкерлер үчүн семинар башталды. Ага Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча райондук, облусттук статистика органдарынын кызматкерлери катышууда. 

Бул жолку каттоонун өзгөчөлүгү электрондук форматта жүрөт. Адистер заманбап технолгияларды колдонуп, жеткиликтүү, так маалыматты жыйнашы кажет. Андыктан бул боюнча маалымдуулукту жогорулатуу үчүн Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери семинардын катышуучуларына кеңири маалымат берүүдө. 

Ошондой эле каттоо учурунда инфекцияны жайылтпоо максатында иштелип чыккан тиешелүү алгоритм жөнүндө түшүндүрүлдү. Каттоо 25-марттан 4-апрелге чейин, алыскы аймактарда 23-апрелден 3-майга чейин жүргүзүлөт.

“Биз катышуучуларга эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча кеңири маалымат берип, каттоочу барактардын формалары жөнүндө маалымдап, интерактивдүү сурамжылоо жүргүзүүдөбүз. Ошондой эле быйылкы каттоонун өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берилүүдө. Алар өз кезегинде өзүнүн аймагындагы кызматкерлерди окутушат”, - деди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев.