Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТи ишке кирди.
Мамлекет башчысы жаңы «Түндүк» райондук электр тармагынын иши менен таанышып, имаратты көрүп чыгып, энергетиктер менен баарлашты.
Президент Садыр Жапаровго РЭСтин иштөө принциби көрсөтүлүп, кичи SCADA системасы, ГИС географиялык маалымат тутуму жана абоненттердин суроо-талаптарын сапаттуу тейлөөгө арналган колл-борбор программасы көрсөтүлдү. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде күнүмдүк электр энергиясынын колдонулушуна жана процесстерге мониторинг жасоого, электр жабдууларын картадан табууга мүмкүндүк берет.