Жергиликтүү бийликтердин мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейтүү керек. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин көчмө жыйынында аймактардагы шаар мэрлери менен айыл өкмөт башчыларынын ыйгарым укуктарын күчөтүү демилгеси көтөрүлдү. Көпчүлүк депутаттар сунушту кубаттап, айыл өкмөт башчыларынын жөндөмүн арттырууну айтышты.