Жаңылыктар
Садыр Жапаров борбордук базардагы ишкерлер менен ККМди киргизүү боюнча көзмө-көз сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров борбордук базардагы ишкерлер менен ККМди киргизүү боюнча көзмө-көз сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Бишкек шаарында жайгашкан “Дордой” соода-базар комплексине жана “Ош базарына” барып, ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп, контролдук-кассалык машина (ККМ) системасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Садыр Жапаров “Дордой” базарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда ишкерлер менен баарлашып, ККМ ишке киргизүү боюнча алардын ой-пикирин угуп, аларды тынчсыздандырган суроолорго жооп берди.