Бишкектин “Ак-Өргө” жаңы конушуна жаңы сквер курулат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев сквер курулчу жерди көрдү. 2,4 гектар аянттагы жаңы эс алуу зонасы Ашар жана Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болот.
"Долбоор боюнча тротуар, велосипед жолу, отургучтар, балдар аянты, баскетбол, волейбол аянты жана жуунучу бөлмөлөр болушу керек. Учурда жер тилкесин пландоо боюнча иштер башталган. Долбоор Бишкек шаардык мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта. 2022-жылы Ленин районунун аймагына 3 сквер куруу пландалган.