Жаңылыктар
Циндао шаардык муниципалитети Бишкекке сквер курууга 600 миң юань бөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Циндао шаардык муниципалитети Бишкекке сквер курууга 600 миң юань бөлдү

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына акча каражатын бөлүү тууралуу макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Бишкек шаарынын батыш тарабын жакшыртууга 600 миң юань бөлдү. Бул каражатка Дэн Сяопин кең көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жашыл мейкиндиктин аянты кеңейтилет. 

Эскерте кетсек, 2021-жылы 22-декабрда Бишкек жана Циндао шаардык муниципалитеттеринин ортосунда кызматташтык байланыштарды түзүү тууралуу меморандумга кол коюлган.