Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык башталды. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев соцтармакка жазды.
Көчмөндөр оюнун ушул жылдын сентябрь айынын аягында өткөрүү болжолдонууда. “Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун төрагалыгында Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин ишине Түрк мамлекеттер уюмунун генералдык секретарынын орун басары катары катыштым. 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө. Маданий программага өзгөчө орун берилген. Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылган”, - деп жазды Султан Раев.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч ирет Кыргызстанда өткөн.