Ысык-Ата районундагы жол кырсыгынан 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун 29-чакырымында болгон. Анда DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Toyota Prius кагышып, 22 жаштагы айдоочусу көз жумган. "Ушул эле автоунаадан эки киши жабыркап,тез жардам менен Ысык-Ата райондук ооруканага жеткирилген.