Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов Түркиянын "ASKON" ишкерлер ассоциациясынын президенти Орхан Айдын жетектеген ишкерлер менен жолугушту.
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, эң кыска убакытта түрк ишкерлердин Кыргызстанга сапары уюштуруларын баса белгиледи. Ошондой эле Кайсери шаарында өтө турган бизнес-форумга ардактуу конок катары чакырды. Отуздан ашуун өлкөнүн катышуусунда өтө турган бул сыяктуу иш-чаралар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууда мыкты аянтча.
Өз кезегинде Нурадил Баясов, өлкөдө инвестиция салууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн жана инвесторлорго колдоо болоорун айтты. "ASKON" 1998-жылы түзүлгөн. Түркия боюнча 6 миңден ашуун мүчөсү бар, 500 миңден ашуун кишини иш менен камсыз кылат. Түркиянын ичинде 40тан ашуун филиалы, Брюссель, Нью-Йорк, Пекин, Джидда, Джакарта сыяктуу дүйнөнүн маанилүү соода борборлорунда кеңселери бар. Жылдык товар айлануусу 17 миллиард доллардан ашат.